Ысык-Көлдө куткаруучулар унаасы тыгылып калган туристтерге жардам беришти

Ысык-Көлдө сазга унаасы сазга тыгылып калган эки туристке жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-сентябрда Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айылынын Көк-Бел жайлоосунда эс алууга чыккан эки чет элдик турист жолдон адашып, унаасы сазга тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Тоо-кен-куткаруу кызматынын 7-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 3 куткаруучу тартылып, унааны саздан сүйрөтүп жолго чыгарып беришкен.

Жабыркагандар жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД