
Быйыл сегиз айда Кыргызстанда пенсияны төлөөгө 36 млрд 441,6 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Август айында пенсияны төлөө үчүн 4 млрд 566,6 млн сом жумшалган.
Аймактар боюнча алганда сегиз айда төлөнгөн пенсия:
- Бишкек - 5 млрд 885,5 млн сом;
- Чүй облусу - 5 млрд 503,5 млн сом;
- Нарын облусу - 2 млрд 896,1 млн сом;
- Ысык-Көл облусу - 3 млрд 309,2 млн сом;
- Талас облусу - 1 млрд 508,6 млн сом;
- Ош - 1 млрд 304 млн сом;
- Ош облусу - 6 млрд 680,7 млн сом;
- Баткен облусу - 3 млрд 84 млн сом;
- Жалал-Абад облусу - 6 млрд 270 млн сом.