Жаза аткаруу кызматынын жоокерлеринин арасында спорттук мелдеш өттү

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде кичи-футбол, аскердик эстафета, шашки, стол үстүндөгү теннис, гиря көтөрүү жана аркан тартыш оюндары боюнча спорттук иш-чаралар өттү.

Бул иш-чарага, Жалал-Абад шаарында жайгашкан батальондон башка, Департаменттин баардык бөлүкчөлөр катышты. Жалпы жыйынтык боюнча уткан командалар 1, 2, 3-даражадагы дипломдор жана өтмө кубок менен сыйланышты. Ал эми өзгөчө мыкты катышуучуларга "Жоокер-спортчу" төш белгилери ыйгарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД