
Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде жана түрмөлөрүндө көп жылдар бою атайын контингент менен иштеген адамдардын жан дүйнөсүн жана акылын кантип сактап калууга болот? Дал ушул темада Тарых илимдеринин доктору, полковник Болот Абдрахманов жетектеген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Окуу борборунун кызматкерлери үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин эксперттери эки күндүк тренинг өткөрүштү.
ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ысык-Көлдүн жээгиндеги мейманканалардын биринде "Заманбап чакырыктардын шартында пенитенциардык тутумдун (жаза аткаруу тутумунун) кызматкерлерин психологиялык-педагогикалык даярдоонун өзгөчөлүктөрү" деген темада семинар болуп өттү. Белгилүү укук таануучу, психолог Айсулуу Токомбаева тренер болду.
Катышуучулар изилдеген негизги маселелердин катарында пенитенциардык тутумду гумандаштыруу, кенже курамдын жана офицерлердин кызмат орундарына кадрларды даярдоо боюнча окуу сабактарынын өзгөчөлүктөрү, пенитенциардык кызматкерлердин профессиограммасы, алардын коммуникативдик компетенцияларын калыптандыруу, -вербалдык байланыш каражаттары, адамдардын психотипин изилдөө ж.б. болду.
Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери кайда жана кимдер менен иштешүүсү керектиги эске алынып, өтө конкреттүү темалар да болду. Мисалы, көпчүлүктүн психологиясы жана тополоңдор. Анткени, лагердеги көтөрүлүштөр же изоляциядагы ири баш аламандыктар табияттагы эң коркунучтуу жана ырайымсыз көрүнүштөрдүн бири. Ошондуктан, алардын алдын алуу, шыкакчылар жана козголоңчулар менен сүйлөшүү стратегиясын үйрөнүү абдан маанилүү.
Дагы бир курч тема - жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндөгү кесиптик чарчап-,чаалыгуусу жана эмоционалдык деформация көрүнүшү. Чындыгында алар да өмүр бою эркинен ажыратылгандардай эле түзөтүү мекемелеринде өткөрүшөт. Болгон айрымасы соттун өкүмү менен эмес, кызматына байланыштуу. Кантип психикалык күчтү сактоо, психикалык көйгөйлөрдү жеңүү, стресске туруктуулукту өнүктүрүү керек? Бул жана башка көптөгөн нерселер бүтүндөй Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутуму үчүн өтө актуалдуу.
Тренингдин соңунда баардык угуучулар тийиштүү сертификаттын ээси болушту.