
Белгилүү ырчы Клара Алибекованын апасы Орозбү бул дүйнө менен коштошту. Бул тууралуу ырчынын мурунку күйөөсү Байыш Момунов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Эээх ото окунучтуу , Байэл баламды кичинекейинен чонойтуп тарбия берип ,ушул даражага жеткирип мыкты жигит кылып тарбиялап остургон тай энеси Орозбу апа дуйно салды.
Орозбу апа жаткан жериниз жайлуу топураныныз торкоо болсун.
Аллахым сизге бейишинен орун берсин", - деп жазган ал.
vb.kg агенттигинин эмгек жамааты ырчы Клара Алибековага жана маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.