"Сезим" кризистик борбору президентке кайрылды

Кадамжайдагы өспүрүм кыздын өлтүрүлгөнү боюнча "Сезим" кризистик борбору президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

Урматтуу Президент!

Кадамжайдагы өспүрүм кыздын сексуалдык зомбулуктан курман болушуна карата пикириӊизди социалдык тармактардан окудук.

Бул кылмыш ишин жеке көзөмөлүӊүзгө ала турганыӊызды билдик.

Ушуга байланыштуу "Сезим" кризистик борбору өз өндүрүшүндөгү сексуалдык кылмыштар боюнча 18 ишти да жеке көзөмөлүӊүзгө алууӊузду өтүнөбүз. Бул кылмыш иштериндеги тагдырлар да Кадамжайлык өспүрүм кыздыкындай эле трагедиялуу.

Сексуалдык кылмышка байланышкан 18 иштин 9у өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар. Жалпы жабырлануучулардын жаш курактары 5 жаштан 78 жашка чейин.

Бул кылмыштар боюнча укук коргоо процесстери асты 10, арты 2 жылдан бери созулуп, соттон сотко өткөрүлүп, кылмышкерлер өз жазасын албай келатышат.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Жазасыз кылмыш дагы кайталана турганы белгилүү. Ошондуктан ар бир иш боюнча адилет жаза берилиши зарыл.

Аялдарды басмырлоого каршы жана зомбулукту жоюу боюнча эл аралык келишимдерге кол койгон өлкө катары Кыргызстандын дүйнө коомчулугунун алдында да, өз элибиздин алдында да кадырын кетирип жаткан бул олуттуу меселеге чечкиндүү чаралар көрүлөт деген үмүттөбүз.

Урматтоо менен,

"Сезим" кризистик борбору.

Эскерте кетсек, Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлүп, анын өлүмүнө шектүү катары үч адам кармалган. Президент да бул ишти өз көзөмөлүнө алганын билдирген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД