Бишкекте аз камсыз болгон 64 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Аз камсыз болгон бишкектиктерге чакан бизнес ачууга 100 миң сомдон берилди.

Калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышуусу менен социалдык жардамдын алкагында 64 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземи өттү.

Долбоорлорду тандоо үчүн борбордун акимиаттарында социалдык маселелер боюнча комиссиялар түзүлүп, алар үй-бүлөлөрдүн бизнес-пландарын тандап, баалашты. Социалдык келишимди түзүү укугуна иш жүзүндө жашаган жери боюнча "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучулар ээ.

Социалдык контракт түзүү үчүн жалпы суммасы 6,4 млн сомго же ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон 64 арыз жактырылган.

Катышуучулардын берилген бизнес-пландарына ылайык 65%ы тигүү жабдууларын сатып алууга, соода ишин уюштурууга 13 %, кызмат көрсөтүүгө 10 %, кондитердик азыктарды даярдоого 7% жана жаңы технологияларды киргизүүгө 3% багытталган.

Белгилей кетсек, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам программанын мазмунуна ылайык үч жылдык мөөнөткө дайындалат жана төмөнкү максаттарды көздөйт:

- үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалды жеңүү боюнча активдүү аракеттерге дем берүү;

- социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук катышуу максатында үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү;

- үй-бүлөлөрдүн эркин эмгек жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу;

- үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун көз каранды мотивин азайтуу;

- чакан ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

- жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД