
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев облус казылары менен онлайн жыйын өткөрүп, өлкөдөгү диний абалды талкуулады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, муну менен катар Азирети муфтий ысырапкерчиликти токтотуу, мечиттердин каттоосун тездетүү, терс диний агымдардын алдын алуу боюнча берилген тапшырмалардын отчётторун укту. Ошондой эле дин кызматкерлеринин билим деңгээлдерин жогорулатуу жана жоопкерчиликти күчөтүү, эл жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иштөө тапшырмасын берди.