Бишкекте өрттөн улам эки адам иске ууланып, ооруканага түштү

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатындагы батирден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн болжол менен 15 чарчы метр пластик эшик, жыгач терезе жана үй-тиричиликтери күйгөн.

Тилсиз жоодон И.Д. аттуу эркек жана А.А. аттуу аял иске ууланып, ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД