Кызыл-Кыяда ооруканадан уюлдук телефондорду уурдап кеткен жаран кармалды

Кызыл-Кыя ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан ооруканада уурулук кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 2-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:30 чамаларында Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндөгү столдо турган "Редми Нот 9" жана "Айфон SE" үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду белгисиз атуулдар уурдап кеткендиги боюнча Ноокат районунун жашоочулары арыз менен кайрылган.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай шаарынын тургуну 2001-жылы туулган Т. у М. кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД