Бишкекте кайгуул милициясы 8 ай ичине 40 миңден ашуун чакырууга чыккан

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында 2022-жылдын 8 айын жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кеңешмеге кайгуул кызмат башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков жана орун басарлары ошондой эле рота саркерлери, жана бөлүм башчылары катышып, маанилүү маселелер каралды.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 8 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 213 302 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 105 млн. 249миң 690 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен :

- Авто унаага тийиштүү документтери жок айдоо 1363 ;

-Мас абалында авто унаа башкаруу 1967;

- Авто ээнбаштык 40;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 444 ;

-Коопсуз курун тагынбай авто унаа башкаруу 49 300;

-Токтоо эрежелерин бузуу. Тыю салынган жерлерде авто унааларды токтотуу 113 970;

-Жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу 17 150 ;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 29068;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 17159 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Бул түзүлгөн протоколдор үчүн, жалпысынан бүгүнкү күндө 105мл. 249миң 690 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Ошондой эле 8 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 40 892 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленген. Алардын ичинен;

-Жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген жарандар 12 713;

-"Коломто" муниципалдык жайына жеткирилгендер 529;

-Тилемчилик151.

Ыкчам кеңешмеде мындан башка да аныкталган кылмыштар, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД