Советжан Асанкадыр Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директору болду

Ырчы, обончу Советжан Асанкадыр 7-сентябрдан тартып, Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындалды. Буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жамангулов кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министр Азамат Жамангулов тааныштырды.

Буга чейин аталган окуу жайдын директору болуп Кыргыз Республикасынын эл артисти Тентимиш Мураталиев эмгектенип келген.

Мындан ары Тентимиш Мураталиев аталган окуу жайда мугалимдик кесипти аркалай турганы белгиленди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД