Бишкектен Ошко авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү

Бишкектен Ош шаарына авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Тез Жет" авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча кошумча үч каттам ачты.

Буга чейин Ош шаарына жумасына 58 каттам аткарылып келген.

Жүргүнчүлөрдү үч ата мекендик авиакомпания тейлеп келет – "Тез Жет", "Авиа Траффик Компани" жана "Аэро Номад Эйрлайнс".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД