
Борбор калаанын четинде жайгашкан Ново-Покровкадагы №3 түзөтүү мекемесинде жабдылышына Бишкектин элиталык мектептери да көз артчу класс ачылды.
ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жемиштүү кызматташуусунун аркасында №3 мекемеде башталгыч жалпы билим берүүчү класс ачылды.
Салтанаттуу аземде куттуктоо сөздөрүн ЖАКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов, Болот Иманалиев, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Динара Тургуналиева, № 2 орто мектеп-лицейинин директору айтышты.
Ошондой эле ЖАКнын тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгынын, ЖАКнын башкы штабынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн өкүлдөрү, атайын мекемелердин жетекчилери катышышты.
Коррекциялык орто мектептердин ишин токтотконуна үч он жыл болду. 2021-жылы мекемелерде башталгыч билими жок 450 адам болгон. Көп жылдар бою бул ЖАК үчүн көйгөй болуп келген.
Ал эми, КР Кылмыш-жаза аткаруу кодексинин 23-беренесине ылайык, атайын мекемелердин администрациясы соттолгондорго жалпы жана кесиптик билимди акысыз алуу үчүн шарттарды түзүшү керек.
Ошондуктан, 2022-жылдын январь айында ЖАКнын жетекчилиги республиканын түзөтүү мекемелеринде жаткан адамдарга билим берүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен КР Билим берүү жана илим министрлигине кайрылган.
- Алгачкы этапта Ново-Покровка айылындагы №3 мекеменин базасында (катуу режимде) 30 жашка чейинки 12 соттолгондорду башталгыч сабаттуулукка үйрөтүү пландалууда. Ошондой эле Молдовановкадагы №27 мекемеде да ушундай тездетилген программа менен окута башташат.
"Мына ушул жерде ЕККУнун кеңсеси бизге чоң колдоо көрсөттү. Алардын жардамы менен окуу кабинеттери даярдалып, заманбап эмеректер, инвентарлар жана окуу процессин уюштуруу үчүн акыркы үлгүдөгү компьютердик техникалар менен жабдылды", - дейт №1 кесиптик лицейдин директору, отставкадагы полковник Тургунбек Токтосунов.
КР Билим берүү жана илим министрлиги да өзүнүн оң позициясын билдирди. Ал эми жергиликтүү бийлик соттолгондор менен иштөө үчүн штаттык мугалимдерди бөлүп берген.