
Сармерденге Ош шаарындагы №5 СИЗОнун жана №42 жатак абагынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын 2022-жылдын 2-мартындагы №139 буйругунун негизинде Улуттук мурастарды, руханий маданиятты, каада-салттарды, үрп-адаттарды сактоого жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган маданий иш-чараларды өткөрүү жөнүндө ЖАКнын тарбиялык, социалдык-психологиялык иштери боюнча башкармалыгы өлкөбүздүн түштүк аймагында Сармерден улуттук оюнун уюштуруп, ийгиликтүү өткөрүштү.
Чыгармачылык сынакка Ош облусунун аймагында жайгашкан №25 жана №42 мекемелердин кызматкерлеринен түзүлгөн эркектер жана аялдар командалары катышты.
Эске салсак, буга чейин Чүй облусунда жайгашкан түзөтүү мекемелеринин кызматкерлеринин ортосунда сармерден таймашы болуп келген.