
Бишкекте Комуз күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, иш-чара 9-сентябрда саат 18:30да Улуттук тарых музейинин алдында өтөт.
Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү төртүнчү ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.