Чүйдө жайлоодогу жылкыларды уурдаганга шектүүлөр кармалды

Жайлоодон жылкы уурдаганга шектүүлөр Москва районунда кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында 2022-жылдын август айында Москва районуна аймагындагы Кара-Суу жайлоосунан белгисиз адамдар үч баш жылкысын уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган окуя боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Москва РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү болуп 1977-жылы туулган Ж.А. жана 1995-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД