"Ош базарында" өткөн рейдде кармалгандардын 34тү 5 күнгө камакка алынды

"Ош базарынын" айланасын тазалоо боюнча өткөрүлгөн рейд учурунда кармалган жарандардын 34тү 5 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызматкерлери "Ош базарынын" айланасын тартипке салуу максатында атайын рейддик иш-чара өткөрүп, анын алкагында 65 жаран Ленин райондук ИИБне жеткирилген болчу. Ошонун ичинен 34 жаранга соттун чечими чыгып, 5 күнгө камакка алынды. Анын ичинде 3 аял да бар.

Рейд болгондон кийин, кайгуул кызматы тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин чыкыртып, жеткирилген жарандардын мыйзамсыз жатып жүргөн жерлериндеги эски төшөк, кийим, бөтөлкөлөр өңдүү буюм-теримдеринин баарын тазалашкан.

Азыркы учурда "Ош базарынын" айланасы таза жана коопсуз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД