Ханыша Елизавета II каза болду

Ханыша Елизавета II 96 жашында Шотландиядагы Балморал сепилинде каза болду. Бул тууралуу Букингем сарайынын сайтында айтылды,

Маалыматка караганда, 73 жаштагы ханзаада Чарльз Улуу Британиянын жаңы падышасы болду.

Елизавета II акыркы бир нече ай ооруп жүргөн. Өткөн жылдын октябрь айында ал ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин талабы менен ханыша алыскы саякаттан убактылуу баш тартып, эл алдына таяк менен чыга баштаган.

Июль айында ханыша Елизавета II пландаштырылган Бирмингемдеги Шериктештик оюндарынын ачылыш аземине катышкан эмес.

Ханыша Елизавета II 1926-жылдын 21-апрелинде Лондондо Йорк герцогунун үй-бүлөсүндө туулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД