
Милициянын кайгуул кызматкерлери орто мектептерге барып, окуучуларга жолдо өзүн коопсуз алып жүрүү багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ата-энелер менен да жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери окуу жылы башталгандыктан, орто мектептерге барып, окуучулар менен жолугуп, жолдо жүрүүдө өзүн-өзүн коопсуз алып жүрүү багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Жолугушуу учурунда жаш өспүрүмдөргө үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кетчү аралыкта жөө жүргүнчүлөр үчүн орнотулган жол белгилерине баш ийүү, жол чырактан жана жөө өтмөктөн өтүүдө эки жакты карап, унаанын келүүсүнө көңүл буруу жана унаа каттоочу чоң жолдун ортосун эч убакта кесип өтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жаш өспүрүмдөр үчүн даярдалган видео роликтер көргөзүлүп, жол эрежелерин сактоо жан жолдо өзүн-өзү коопсуз алып жүрүү багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле кызматкерлер ата-энелер менен да жолугушуу өткөрүп, айрыкча башталгыч кластардын окуучулары мектепке барып келчү жолдорду толук өздөштүрбөйүн, аларды коштоп алып келип туруусун эскертишти.
Жолугушу жаш жеткинчектер кызыккан суроо-жооптор менен коштолуп, алар кызматкерлерден кызыккан суроолоруна жооп алышты.