Лейлекте милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда

Лейлекте милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен бүгүн Раззаков шаарында мал базарда элдерди кабыл алды. Милициянын көчмө кабылдамасына жалпысынан 6 социалдык маанидеги арыз кайрылуулар кабыл алынып, тийиштүү мекемелерге жөнөтүлдү.

Мындан сырткары жарандарга милиция кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Айыл жергесинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды болтурбоо, мал уурулуктун алдын алуу, жаш балдарды көзөмөлдөө боюнча эскертүүлөр берилди.

Андан сырткары Лейлек районун Жаны-Жер айыл аймагындагы орто мектептерге барып окуучулар арасында зордук-зомбулуктун жана Кадамжай районунда катталган окуя боюнча түшүндүрүү иштери алып барылып, окуучуларга түнкүсүн саат 22.00дөн кийин көчөгө чыкпоо жана уюлдук телефондорун мектепке көтөрүп келбөө жана жаш өспүрүмдөр коштоосуз өз алдынча уюшулуп экскурцияларга, тоолорго чыгуусунун алдын алуу, мыйзамсыз акча жыйнабоо, кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, унааларда кортеж менен сейилдөөгө тыюу салынганын белгилеп, эскертүүлөрдү беришүүдө. тыюу салуу жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча талкуулар кенен жүрдү. мектеп жетекчилигине соцпедегогдорго ата-энеси миграцияда жүргөн окуучулар менен тыгыз иш алып барылуусу эскертилди.

Милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде бардык аймактарды кыдырып чыгып, жарандардын арыз кайрылууларын алганга милдеттүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД