
Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде жана абактарында коронавирус инфекциясына байланыштуу бир катар принципиалдуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматы №527 жаңы буйругу менен жаза өтөө мекемелериндеги COVID-19 боюнча соттолгондордун жана кызматкерлердин арасындагы абалды турукташтырууга байланыштуу мурунку 2022-жылдын 4-августундагы № 491 буйругуна бир катар принципиалдуу өзгөртүүлөрдү киргизет.
Эмне жөнүндө сөз болуп жатат?
№ 491 буйругунун 1-пунктунан 5, 6, 7, 9-пункттар алып салынсын.
5. - соттолгондорго жакындары менен жолугушууну аларда коронавирустук инфекцияга экспресс-тесттери же ПЦР анализи болгондо гана камсыз кылууга;
6. - ЖАКнын мекемелерине келген адамдарга экспресс-тесттердин же ПЦР-тесттердин натыйжаларын, жада калса, аларда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаты бар болсо да;
7. - тергөө абагына киргизилген адамдарды экспресс-тест же ПЦР анализи терс болгон учурда гана кабыл алууга;
9. - посылкаларда камтылган тез бузулуучу тамак-аш азыктарын кабыл алууну жана соттолгондорго жана камакта жаткан адамдарга берүүнү чектөөгө.
Ошол эле учурда No 527 жаңы буйрук төмөнкүдөй абзацтар менен толукталсын:
"-соттолгондорду туугандары менен, ошондой эле ЖАК мекемелерине барган адамдарды кабыл алууда термометрия жүргүзүү;
- кылмыш жасаган деген шек менен жана айыптоо менен кармалган адамдарды 14 суткага милдеттүү түрдө карантинге алынган СИЗОго киргизүүнү ишке ашырсын. Коронавирустук инфекциянын белгилери бар бейтаптарды аныктоодо милдеттүү түрдө изоляциялоону жүргүзүү;
- СИЗОдо жаткан адамдарды кабыл алуу үчүн кошумча камераларды даярдоо.
"Бул жаңылыктардан жабыр тарткандардын баарын, анын ичинде соттолгондордун жакындарын түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн эске алууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.