
Кечээ, 8-сентябрда "Балдар жана мектеп" аттуу иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздоо жана балдар катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында, Бишкек шаарындагы №4 гуманитардык-укуктук гимназия мектебинин окуучулары жана алардын ата-энелери менен жол эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери окуучуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.