
Азыркы учурда ар бир тармак кесипкөй жаш кадрларга суусап турат. Анын ичинде кыргыз театр искусствосу. Өзгөчө облустагы театрларга борбордон окууну аяктап, атайын барып иштегендер анчейин азыраак. Көбү баш калаада калгысы келет.
Айтайын дегенибиз актёрлук жогорку окуу жайды аяктап, ошол эле Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде окутуучу катары иштеп жүргөн Шумкарбек Абилов борбордон бир топ алыс жайгашкан А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын директорунун орун басарлыгына дайындалганы жөнүндө театрдын социалдык баракчасына жарыяланды.
Көптөгөн кино, клиптерде роль жаратып, вайнер катары да белгилүү боло баштаган Шумкарбек Абилов орун басарлыкты татыктуу тартып, облустук театрды алга сүрөйт деген илгери үмүтүбүз бар. Калганын мезгил таразалайт.