
Ошто "Коомчулук арасында экстремизмдин жана терроризимдин алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу" темасында семинар өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 5-10-сентябрына чейин Ош шаарында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен LEICA долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосуу аркылуу эл аралык эксперттердин катышуусунда Ош ОИИБнын борбордук аппаратынын жана аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлерине "Коомчулук арасында экстремизмдин жана терроризимдин алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу" аттуу темада туруктуу кызматташтыкты жана маалымат алмашуу каналын бекемдөө, аны өркүндөтүү, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо жана коомчулук арасында экстремимздин, радикализмдин алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу максатында бир жумалык семинар-тренинг болуп өттү.
Аталган семинарды Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЭММКАКнын башкармалыгынын орун басары, милициянын полковниги У. Бердибаев аталган кызматтын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын полковниги М. Аманбаев, ИИМдин Академиясынын улук окутуучусу милициянын улук лейтенанты М.Карабаев тарабынан уюштурулуп, кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын аймагында диний кырдаал, тыюу салынган диний уюмдар, материалдар жана алардын өзгөчүлүктөрү тууралуу баяндамалар жасалып, видео тасмалар көрсөтүлүп, экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргелекте иш-чаралар жүргүзүү багытында практикалык жардамдарды көрсөтүү менен биргеликте Белгия, Грузия, Эстония сыяктуу мамлекеттерден келген эл аралык эксперттер тажрыйбаларын бөлүштү.
Семинарды өткөрүү учурунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилип, аягында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган, диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча 1000ден ашык усулдук китепче, буклеттер, эстеткичтер таратылды.
Жалпысынан аталган иш-чарага 150го жакын милиция кызматкерлери катышты.