Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мажитов Бакытбек Омурзакович 1976-жылы 20-декабрда туулган. Юридикалык жана экономикалык жогорку билимге ээ, юридика илимдеринин кандидаты.

11.1998 - 07. 2003-жылдары Кыргызстан эл аралык университетинин филиалынын окутуучусу;

11.1999 - 11.2010-жылдары Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын шайлоо боюнча юрист эксперти;

12.2010 - 03.2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин консультанты;

10.1999 - 05.2015-жылдары адвокат;

05.2015 - 05.2020-жылдары Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун судьясы, төрагасы;

2020-жылдан ноябрынан бери Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси;

09.2016 - 09.2022-жылдары К. Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын профессору (айкалыштыруу боюнча).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД