Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Баатырова Гүлнара Маришовна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 7-сентябрда, Жогорку Кеңеш саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдук берүү маселеси карап, аны дайындоого макулдук берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД