
"Омега" атайын бөлүгүнүн жоокери эр эңиште байгелүү орунду алды. Бул тууралуу ЖАКнны басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарын облусунда өткөн Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогу үчүн улуттук "Эр эңиш" боюнча республикалык мелдеште улук сержант Доктурбек уулу Каныбек татыктуу жеңишке ээ болду.
"Эр эңиш" чабандестеринин салттуу кармашына катышып, ал 90 килограммга чейинки салмакта ардактуу үчүнчү орунду багындырды.
ЖАКнын борбордук аппаратында төраганын биринчи орун басары, и/к полковниги Кемель Садыков тарабынан ага III даражадагы диплом жана спорттук медаль салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Эске салсак, "Эр эңиш" спорттук дисциплина катары алгач алыскы ата-бабаларыбыздын аскердик максаттарына кызмат кылган. Бул жерде жеңиштин ачкычы чабандес менен анын атынын өнөрү да, чеберчилиги да дал келишинде. Ат салмактуу жана күчтүү, туруктуу, маневрлик, ээсине кынтыксыз баш ийүү жана чыдамкай болуушу керек.
Күрөштө белине чейин чечинген эки балбан күч сынашат, аларда жоолук, күчтүү материалдан жасалган шым, өтүк, колунда камчы болушу керек. Жеңиш үчүн катышуучу атаандашын денесинин каалаган жери менен жерге тийгизгидей кылып аттан оодарып түшүрүшү харыл.