
Кадамжайда жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектелген төртүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 8-сентябрында жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу чакырылган. Ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган.
Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган жашы жете элек бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. 9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган өспүрүмгө карата эки айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.
Эскерте кетсек, Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип аталган райондун үч тургуну кармалган.