
Талас шаардык милициясы мектептерде иш алып барууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Талас шаарында жайгашкан Абжалбек Чолпонкулов атындагы жана Г.Рысакова атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.
Окуу жылынын башталышы менен окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштер кадыресе жанданып баштады. Мектептер аралык мушташтын алдын алуу максатында өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган мектептердин жетекчилери менен окуучулар арасында көйгөлүү маселелер талкууга алынып, милиция тарабынан кандай жардамдар керектиги белгиленди. Окуучуларга кайсы кылмыш үчүн жоопко тартылаары айтылып, зордук зомбулуктун алдын алуу максатында эскертүүлөр берилди. Өзгөчө кыздарга зомбулуктун курманы болуп калбаш үчүн сак болуу керектиги айтылды.