Ошто комуз күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү

Ош шаарындагы Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында комуз күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, маданият ишмерлери, шаардык маданият башкармалыгынын, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын, "Келечек" балдар чыгармачылык үйүнүн музыкалык жамааттары, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Иш-чаранын алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, анда Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн эмгек сиңирген комузчулар, ошондой эле ОшМУ, ОшМПУнун искусство факультеттеринин студенттери, шаардын балдар музыкалык мектептеринин окуучулары аткарышты. Күүнү жалпы 150 комузчу чертти.

Вице-мэр В.Рыскулова жалпы чогулгандарды Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан Комуз күнү менен куттуктап, окуунун мыктыларына жана эмгек сиңирген мугалимдерге комуз тартуулады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД