Алдамчылыкка шектелген "Азия Микс" командасынын оюнчусу Маратик бошотулду

"Азия MIX" КВН командасынын мурунку мүчөсү Марат Жуманалиев бошотулду. Бул тууралуу ал өзү Instagram баракчасы аркылуу видео кайрылуусунда билдирди.

Ал билдирүүлөрүнүн биринде ката кетиргенин жана мындан улам түшүнбөстүк жаралганын айтты. Бирок ким менен түшүнбөстүк болгонун тактаган жок.

"Маселени чечишип алдык, бири-бирибизден кечирим сурадык", - деди Жуманалиев.

Эске салсак, кечээ УКМКнын басма сөз кызматы "Азия Микс" КВН командасынын мүчөсү, Маратик каймана аты менен таанымал Марат Жуманалиев кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде ("Алдамчылык") каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР жарандары Д.М.С. жана С.А.К. кармалды.

Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында "Спекулант" ЖЧКсынын башкы директору, Россиянын жараны Ш.В.нын ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД