Азамат! Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинин алтынын утуп, дүйнө чемпиону болду.

Финалда Махмудов венгриялык Золтан Леваи менен күрөшүп, аны 8:0 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Махмудов 77 кг салмакта финалга чейин бразилиялык балбанды 11:1, мексикалык спортчуну 8:0, түркиялык спортчуну 9:7 жана кореялык балбанды 4:1 эсебинде жеңген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД