
Жазаларды аткаруу кызматында коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жаза-аткаруу тутумунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды консолидациялоо максатында "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Президентинин "Кыргыз Республикасындагы Коррупцияга каршы күрөшүүнүн жана аны жоюунун 2021-2024-жылдарга карата мамлекеттик стратегиясы жөнүндө" Жарлыгынын талаптарына ылайык, кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу жана ведомстволук ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен КР ЖАКнын жетекчилиги №554 буйругун чыгарды.
Бул документке ылайык, КР Жаза-аткаруу тутумунда коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия түзүлүүдө. Комиссияны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, и/к полковниги Кемель Садыков жетектеди.