
Кыргызстанда бир жумада, 5-11-сентябрда, COVID-19дун жаңы 85 учуру катталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, 66 адам амбулатордук дарыланууда, 19 бейтап – ооруканага жаткырылган.
05.09–11.09.2022-ж. аралыгында тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат.
Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.
2022-жылдын 8 ай 11 күнүндө COVID-19дун 21 172 учуру катталган, анын ичинде 19 162 (90,3
учур лабораториялык түрдө жана 2003 учур (9,7%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.