
Сокулук районунда чет элдик жаран учакта акча уурдаган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук РИИБине арыз менен Россия мамлекетинин жараны П.И. кайрылып, арызында 2022-жылдын 6-7 сентябрь күндөрү Бишкек-Стамбул рейси менен келе жаткан учактын бортунда, белгисиз адамдар 6700 АКШ доллар акча каражатын уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБтин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтоо иштеринин натыйжасында, бул кылмышты Кытай мамлекетинин жараны 1984-жылы туулган З.Х. аттуу жаран экендиги такталып, шектүү катары кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө уланып жатат.