Өткөн жума ичинде мас абалда унаа башкарган 213 айдоочу кармалды

Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, акыркы жумада республикада 17 миң 758 жол эрежесин бузуу аныкталган.

Алардын ичинен:

- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3672;

- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 205;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5486;

- Автоээнбаштык – 6;

- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 646;

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 70;

-жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6441;

-айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 14;

-мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 213;

-унаа токтотуучу жайга коюлду – 1007.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат.

Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД