
Кайгуул кызматынын сунушу менен ачык калган суу түтүктөрүнүн капкактары жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуулда жүргөн учурда "Кудайберген" базарындагы Патрис Лумумба көчөсүндөгү аялдамада жер астында өткөн суу түтүктөрүнүн капкактары жок болуп, кооптуу абал болуп турганын көрүшкөн. Анткени, аялдамада маршурттук унаадан түшкөн жүргүнчүлөр жана жакын жайгашкан мектеп окуучуларынын люкка түшүп кетүү коркунучу бар экендигин көрүшкөн.
Эртеси күнү кайгуул кызматкерлери Бишкек шаардык мэриясынын тийиштүү муниципалдык кызматтарына кемчиликтерди орундатуу боюнча сунуштама берип, ошонун алкагында ачык турган 6 кудук капкактарын жаптырышкан.