
Кара-Суу районунда төлөм жүргүзүүчү терминалды уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрда милицияга Кара-Суу районунун Ю.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда ошол эле күнү болжол менен саат 02:30 чамасында Нариман айылында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде төлөм терминалын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
6-сентябрда милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип 24 жаштагы И.Б, 27 жаштагы С.Т. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда башка кылмыштарга катышы бар же жоктугу такталууда.
Тергөө амалдары уланууда.