Бишкекте жалбырак өрттөгөндөргө айып салынды

Бишкекте жалбырак өрттөгөндөргө айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалбырак өрттөгөндүгү үчүн Чүй облустук ооруканасына айып пул салынды. Ошондой эле шаар тургуну З.Ошурбакиева 7 миң 500 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, кургак чөп өрттөгөндө оор химиялык заттар бөлүнүп, адам организмине, айлана-чөйрөгө коркунуч жаратат. Мыйзам бузгандарга 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин административдик айып каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД