Бишкек - Дели үзгүлтүсүз аба каттамы ачылды

Бишкек - Дели - Бишкек каттамы боюнча үзгүлтүсүз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба каттамын "Аэро Номад Эйрлайнс" ата мекендик компаниясы аткарат.

"Манас" эл аралык аэропортунан Делиге каттамдар биринчи жолу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Каттамдар жумасына 2 жолу – бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД