Бишкектеги үйлөрдүн биринде ата мекендик өндүрүштүн лифти ишке киргизилет

Шаардын "Түштүк-2" ("Юг-2") кичирайонундагы №8 үйгө сынак катары жаңы лифт орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор калаанын мэриясы лифт өндүрүүчүлөрдөн түшкөн коммерциялык сунуштарды иликтеп чыгып, ата мекендик өндүрүштү колдоо үчүн "Кыргыз унаа курулуш" ишканасын тандоо чечимине келген.

Бул компаниянын лифттеринин баасы башкалардыкына салыштырмалуу арзан экендиги айтылууда.

Эски көтөргүчтү демонтаждоо жана жаңысын орнотуу, ошондой эле "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин окутуу компаниянын өз каражатынын эсебинен жүргүзүлгөн. Азыр лифт ишке киргизүү стадиясында турат.

Жүргүнчү лифттин жүк ташуу көлөмү 320-450 кг.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД