
Нарын облусунун Аксай өрөөнүндө жүргүзүлгөн рейд учурунда браконьерлердин унаасынан ылaaчын жырткыч кушу жана беш көгүчкөн табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик инспекторлор Mitsubishi Montero Sport үлгүсүндөгү унааны токтоткондо, браконьерлер качууга аракет кылган. Бирок алар жүрүүгө мүмкүн болбогон жерден унааны токтотууга аргасыз болушкан.
Аталган унааны тинтүү учурунда кызыл китепке кирген бир ылaaчын жырткыч кушу жана беш көгүчкөн табылган.
Жеринде акт түзүлүп, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.