Ишкер Абдуллаевдин үйүнөн табылган 822 млн сом бюджетке чегерилди

"Үмүт жана Ко" компаниясынын негиздөөчүсүнүн бири "Үмүт жана Ко" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ж. Абдуллаевдин үйүнөн табылган 822 млн сом бюджетке чегерилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Ал УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз сактаган жана колдонгон адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган тиешелүү экспертизанын корутундусу Ж.А. карата Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча коюлган айыпты тастыктады.

Ошол эле учурда айыпталуучунун демилгеси менен ага коюлган кылмышты моюнга алуу боюнча келишим түзүлгөн. Ж.А. карата жүрүп жаткан кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш материалдары Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

"Кечээ, 12-сентябрда Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Ж.А. күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 миң сом айыппул төлөө каралды. Ошондой эле Ж.А. буга чейин алынган 800 млн сомдон ашык акчанын кайдан келгенин тастыктай албагандыктан ал сумма толугу менен бюджетке которулду. Ал эми курал-жарак, ок-дарылар жана согуштук техникалар ИИМдин карамагына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, А.Ж.Т. иштеген жана жашаган жери боюнча жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 7,62 калибриндеги 1 даана "Калашников" автоматы менен "БРДМ 2" (Брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа) атайын техникасы, ошондой эле жүгүртүүгө тыюу салынган көп сандагы ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч түзүлүштөр (Ф-1 гранатасы), жылмакай (мылтык) жана ар кандай калибрдеги травматикалык куралдар табылып алынган..

Белгилей кетсек, А.Ж.Т. күнүмдүк турмушта дайыма аскердик форманы (камуфляжды) кийип жүргөн жана жогоруда аталган курал-жарактарды алууга жана мыйзамсыз сактоого түрткөн агрессиянын ар кандай көрүнүштөрүнө ыктаган.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмышка шектүү катары кармалган жарандардын үстүнөн тергөө жана тиешелүү экспертизаларды дайындоо ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө..

Кармалган А.Ж.Т. Иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алынып келинди.

Табылып алынган курал жарактар:

- 1 даана "БРДМ-2" атайын техникасы (Брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа);

- 1 даана БРДМга орнотулган танк Калашников автоматы;

- 1 даана КПВТ жасалма үлгүсү;

- АКСУ автоматы, сериясы No93882625;

- сериялык No 20890019 "Сайга" маркасындагы мылтык, жана 7 бош магазин;

- сериялык No NI9595 "Вепр" маркасындагы автомат жана 12 бош магазин;

- сериялык номери А09486574 "Сайга 12К" маркасындагы мылтык, жана 2 бош магазин;

- 4,5 калибрдеги "Хатсан" пневматикалык тапанчасы;

- 12 калибрдеги жылмакай мылтык;

- №1276 ТО6458 "Вепр" маркасындагы мылтык, эки бош огу менен;

- сериялык номери LO7501281 оптикасы менен "Тигр" маркасындагы мылтык;

- сериялык номери 9914596"Фабарм" маркасындагы сайсыз мылтык;

- F-1 гранатасы;

-17П сериясындагы "Форд" маркасындагы травматикалык тапанча, сериялык номери В1045780 үч огу менен;

- 1 даана Sony маркасындагы планшет, 1 даана HP маркасындагы ноутбук;

- 196 даана 7,62 калибрдеги ок дарылар;

- 423 даана 5,45 калибрдеги ок дарылар;

- 59 даана 45-калибрдеги ок дарылар;

- 21 даана 5,45 калибрдеги ок дарылар;

- 120 даана 12 калибрлүү ок дарылар;

- 28 даана өлчөмүндөгү жылмакай мылтыктар үчүн патрондор;

- 12 калибрдеги бош снаряддардын эки баштык;

- 12 калибрдеги патрондор үчүн эки магазин;

- 12 калибрдүү бош кутулары бар 1 желим баштык;

- жылмакай мылтык үчүн 12 калибрдеги 91 ок дарылар;

- 150 даана 9мм ок дарылар;

-: 3 даана 7,62х54 калибрлүү ок дарылар менен цинк , 19 даана 7,62х34; 12 даана 9 мм., 1120 даана 9х19 өлчөмүндө 7 ящик;

- 3 тангак чачма ок дары (дробь);

- 2 даана металл пластины;

- 1 даана курал пастасы;

- 1 даана курал үчүн кабык (кобура);

- 1 даана хаки аскердик түстөгү маска;

- 2 даана камуфляж;

- 2 даана от өчүргүч;

- 1 даана каска;

- 1 даана кастет;

- 1 даана "GloFeng" маркасындагы рация.

Ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда:

1) 7,354,475 АКШ доллары;

2) 209,164,100 сом;

3) 100,960 евро;

4) 1,055,900 рубль;

5) 155 дирхам.

Табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар.

Маалыматтарга караганда, учурда "Үмүт жана Ко" ЖЧКсынын КРнын салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД