Бишкекте унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 12 айдоочу кармалды

Кайгуул кызматы унаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочулар менен каттуу күрөшүүдө. Бир түндө 12 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, автоунаанын каптал терезелерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат бергени менен, кээ бир айдоочулар мамлекетке мыйзамдуу түрдө акча төлөп уруксат алгандан баш тартып, автоунааларынын алды жана каптал терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган фактылар байкалууда.

Мына ушундай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында кайгуул кызматкерлери иш-чара жүргүзүп, бир түндө 12 мыйзамсыз караңгылаткан авто унааларды аныктады.

Алардын баарына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык 20 000 сом айып салуу менен унаалары убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД