Таласта 8 айдагы милициянын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме болуп өттү

Талас ОИИБде 2022-жылдын 8 айынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ОИИБдин жыйындар залында шаардык, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниктери, орун басарлары, кызмат башчылары жана башкармалыктын жетекчилик курамы катышып, начальник милициянын полковниги Асанов Марлис төрагалык кылды.

Жыйындын башында милиция кызматкерлеринин 8 айда аткарган иштери тууралуу маалымат берилди. Кылмыштуулуктун жалпы абалы, анын арасында орчундуу орунду ээлеген кылмыштын түрлөрү белгиленди. РИИБдин начальниктери тарабынан докладдар окулуп, аймактарда милиция кызматкерлеринин кылмыштын бетин ачуу жана алдын алууда аткарган иштери талкууланды.

Ыкчам кеңешмеде начальник Асанов Марлис зордук зомбулукка жол бербөө, уурулук кылмыштарын болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү, мал уурулук кылмыштардын бетин ачуу, жаш өспүрүмдөрдүн арасында тарбиялык иштерди күчөтүү керектигин айтты. Жол кырсыктарына каршы аракеттенүү, мал жандыктардын кырсыкка себеп болуусун болтурбоо жана жаш өспүрүмдөрдүн жол кырсыгынан жабыркоосуна жол бербөө үчүн кызматтарга тапшырмаларды берди.

Андан тышкары, жакында Талас облусунун Кара-Буура районунда өтүүчү Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракесине арналган иш чарада коомдук коопсуздукту камсыздоо жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн жана аймактарда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга сервистик тейлөө көрсөтүүнү күчөтүү талаптарын койду. Катталган кылмыштардын бетин ачууда ар бир фактыга дыкат мамиле жасап, жарандардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруу талаптарын койду.Кызматтардын кетирген кемчиликтери талкууга алынып, 9 айды ийгиликтүү аяктоо боюнча багыттуу тапшырмалар берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД