"Коопсуз шаар" аркылуу чет өлкөлүк номерлүү унааларга да айып пул салынат

Кайгуул кызматы чет өлкөлүк номурлуу автоунаалардын айдоочуларына жол эрежелерин сактоого чакырат.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, көпчүлүк Арменя, Абхазия, Россия өңдүү чет өлкөлүк номурлуу автоунаалардын айдоочулары "бизге коопсуз шаар долбоору аркылуу аныкталган жол эрежесин бузуулар үчүн салынган айып пулдар биздин дарекке келбейт, анткени расмий катталган дареги жок" деген ой менен көптөгөн жол эрежелерин бузуусуна жол беришүүдө. Бирок кийин мунун баарына жоопкерчилик тартаарын биле бербейт.

Ошол себептүү кайгуул кызматы чет өлкөлүк автоунаалардын айдоочуларына кайрылат:

Эгерде чет өлкөлүк авто унаалар кызматкерлер тарабынан текшерилип, буга чейинки коопсуз шаар долбоору аркылуу аныкталган жол эрежелерин бузуу фактылары бар болсо, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 38-берененин 6-бөлүмүнө ылайык, фото жана кинотартуу, виедожазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде тартылган, Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган транспорт каражатында жасалган укук бузуулар жөнүндө маалыматтар автоматтык маалыматтык тутумда бар болсо, бул транспорт каражатын башкарган адамга карата укук бузуу жөнүндө протокол кагаз жүзүндө же электрондук формада түзүлөт жана бул адам транспорт каражатын башкаруудан четтетилет.

"Андыктан жол эрежелерин так сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД