Бишкекте талапка жооп бербеген жарнамалар алынууда

Бишкекте талаптарга жооп бербеген жарнамалар алынууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнөн баштап Киев-Манас проспектине чейин 45 жарнамалык штен, 7 жарнамалык пано, 19 жарнамалык баннер алынды.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы "КР мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштерин күчөтүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД