Кыргыз-тажик чек ара чыры: Эки облустун башчылары Достук айылына барышты

Эки облустун башчылары Абдикарим Алимбаев жана Ражаббой Ахмадзода окуя катталган Баткен районунун Булак- Башы жергесинен Баткен районунун Достук айылына барышты.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Ал эми чек арадагы абал боюнча кошумча маалымат берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД