
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 14-сентябры саат 14.40ка карата Баткен районунун Как-Сай жерлигинде эки Тараптын чек ара тарамдарынын ок атышуусу токтогондугун маалымдайт.
Маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришкендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат.
Эки республиканын чек ара делегацияларынын сүйлөшүүлөрү уланууда.